Мухаммедкалый Абылгазиев ооруканадагы жол инспекторуна жардам көрсөтүүнү тапшырды

2 октября 2018 10:55 914 Barometr
Поделиться в:
ok

 Өкмөт башчы  Мухаммедкалый Абылгазиев айдоочу коюп кеткен жол инспектору Марат Султаналиевдин дарылануусуна материалдык жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Муну менен катар эле ал  инспекторду унаа менен коюп кеткен кырсыкты  тыкыр  иликтеп чыгууну Ички иштер министрлигине тапшырды.

 Белгилей кетсек, кечээ  1-октябрда Бишкек шаарында жол инспектору Марат Султаналиев жолдон өтүп бара жаткан  окуучуларды жолдон өткөрүүгө аракет кылып жаткан учурда кичи автобустун айдоочусу аны  коюп кеткен. Ал учурда оорканада.

Ссылка: https://barometr.kg/muhammedkalyj-abylgaziev-oorukanadagy-zhol-inspektoruna-zhardam-krstn-tapshyrdy



Добавить комментарий