Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Талас облусуна барат
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-ноябрда, жумушчу сапары менен Талас облусуна барат. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы аймактын бир катар айыл чарба объектилеринин ишмердиги менен таанышат.
Анын ичинде премьер-министр Бакай-Ата районундагы «Нур» көп тармактуу айыл чарба кооперативин, Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүт кайра иштетүүчү заводун жана Кара-Буура районундагы Жоон-Дөбө айылындагы М.Лущихин атындагы мамлекеттик асыл тукум заводун көрүп чыгат.
Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүн текшерет.
Ссылка: https://barometr.kg/muhammedkalyj-abylgaziev-bgn-talas-oblusuna-barat
Добавить комментарий ×