Абылгазиев: 1-сентябрдан тартып мугалимдердин айлыгы, 1-октябрдан тартып пенсиялар көтөрүлөт

25 июля 2019 09:00 8238 27 Barometr
Поделиться в:
ok

Айлык маяналарды жогорулатуу – бул Өкмөттүн жоопкерчилиги, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында.

Премьер-министрдин айтымында, 2008-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлык маянасы 30%га жогорулады. Мамлекеттик кадр кызматынын айлык маянасы көтөрүлдү. Спорт машыктыруучуларынын эмгек акысы 50%га жогорулады. 1-сентябрдан тартып мугалимдердин айлыгы, 1-октябрдан тартып пенсиялар көтөрүлөт.

«Президент тарабынан 2 жыл катары менен Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланышы региондордун өнүгүшүнө жакшы түрткү болду. Жаштар арасында патриоттуулук сезимдери менен кичи мекендерине жардам берүү демилгелери да көбөйүп бара жатат. 2019-жылы региондордогу бизнес-долбоорлорду колдоо жана жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында мамлекеттик бюджетте 2 млрд сом каражаттар каралган. Учурда приоритеттүү бизнес-долбоорлорду тандап алуу, механизмдерин иштеп чыгуу боюнча өкмөттүк комиссия бекитилди. Аймактарда ишкердикти тейлөөчү борборлор ачылды. Жергиликтүү ишканалардын жана жарандардын жеке демилгесин баса белгилеп кетким келет. Алар аймактардын экономикасына 6,3 млрд сом каражат салып, 9 миңден ашык туруктуу жумушчу орундарын түздү», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле санариптештирүү боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолуп, прогресс жана модернизация – маалыматтык технологияларсыз мүмкүн эместигин белгиледи.

«Мамлекеттин келечеги дүйнөлүк санариптештирүү желесинен көз каранды экендигин унутпашыбыз керек. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 6 мамлекеттик компания иштеп баштады, алар: «Түндүк», «IТ-ГНС», «Транском», «Инфосистема» «Укук», «Соцсервис». 2018-жылдын сентябрь айынан 2019-жылдын июнь айына чейин ведомстволор аралык «Түндүк» электрондук системасы аркылуу 4,5 млн маалымат алмашуу болгон. Бул мамлекеттик органдардын бири-бири менен кызматташуусунун ыкчамдыгын жогорулатты. Мисалы, бир жолку берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөкпулду берүүнүн механизмдери жөнөкөйлөштүрүлдү. Мамлекеттик органдар жана коммерциялык банктар менен маалымат алмашып, жөлөкпулду 2-3 күндүн ичинде алууну камсыз кыла баштады.

Санариптештирүү мамлекеттик сатып алууларга да таасири күчтүү болууда. Тендер өткөрүүдө «Салыктары боюнча карызы жок» деген справка тендерге катышкандардан суралбай калды. Июнь айынын ичинде Салык кызматынан 45 360 справканы электрондук түрдө алган. Демек, бизнеске справканы алууга кеткен убактысын үнөмдөп калууга жардам берди. «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү аркылуу жол-транспорт кырсыктары видеокамералар орнотулган жерлерде 61%га, жаракат алгандардын саны 59%га азайды. Азыр долбоордун экинчи этабы башталды. Айыппулдардан түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн тез жардам системасын жакшыртууга жумшоо жөнүндө токтом кабыл алынды. 35 млн сом каражатты бөлүп берүү пландалууда», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын маалыматында, салык процедураларын фискалдаштыруу программасын ишке ашыруунун алкагында республика боюнча электрондук патент, салык төлөөчүлөр үчүн электрондук отчет киргизилип, электрондук эсеп-фактуралар пилоттук режимде иштеп баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/muhammedkalyj-abylgaziev-1-sentyabrdan-tartyp-mugalimderdin-ajlygy-1-oktyabrdan-tartyp-pensiyalar-ktrlt



Добавить комментарий

  • Медиктердин айлыгы качан которулот
    • Медиктердикин которуш не обезательно силерде кунуго чай пулу ачыгыгын айтканда левый бар.Постөянно тушуп турат.
  • Ашпозчулардын да айлык маянасын карап корсонуздор.
  • Бурулча 5 лет назад
    Мугалимдердин кадыр баркын которуп келечек учун жакшы муунтарбиялаш мамлекеттин негизги милдети
  • Айлыкты которуп кайра бияктан тендеп коюшат подоход.налог деп жатып
  • Гулбаарам 5 лет назад
    Мугалимге финансовый жардам керек оз убагында карашты байкуштар аз айлыкка иштеп элдин балдарына билим берип келет
  • Кыпкыргыз 5 лет назад
    Айлыкты которгондо сезилгендей, жок дегенде 5000 сомго которуш керек. Коэфициенти, сааты, стажы, квалификацияда деп жатып эле жарытылуу которулгонун коро элекпиз. Которулгон айлыктын туздон туз таасири болуш керек пенсия чектегенде.
  • Сайрагул 5 лет назад
    Айлык көтөрүлсө райондордон ашпайт текшерүү газета толгон токой маанисиз падаход ж. Б
  • Мугалимдердин айлыгын көтөрүш керек, бирок мугалимдерден тест алып билимин текшерүү керек. Антпесе, сабатсыз мугалимдер көбөйүп кетти. Ошол үчүн да билим сапаты төмөндөп кетти.
  • Берекелуу кылып кобойткуло. Подоходный налогду аз кармагыла сураныч
  • Научитесь уважать своих учителей, дорогие представители власти, для кого, и зачем это надо, вы подумаете над этим вопросом, Какое воспитание дают родители, и чему учат учителя. Знания вот главное, а не перевоспитание личностей.
  • Райондун карманные азайтыш керек.Алар Оз билгениндей кылышат.Аларды текшерген да киши жок.Баары коррупционер
    • Гүлжамал 5 лет назад
      Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнү жакшы бирок ошону менен бирге көп кагаз иштерин дагы көбөйтүп мугалимдин мойнуна илип коюшса керек.
  • Китепканачылардын да айлыгын карап койгула аз гана айлык алышат айлыгын китеп ташып журуп туготушот
  • Нурсулуу 5 лет назад
    Экзамен алгыдай мугалим почти калбады баардык жаштар кала берсе пенсия жашыдагылар деле Россияга кетишип жатат
  • медицинаны да эстетип койгулачы, байболгурлар
  • Айлык пенсия көбөйөт дегенине бир жыл болот сентябрда кага көбөйгөнү?Пенсионерлер кетсин дешти эле жаштар айлык аз экен деп иштебей кетип калышты.Чындыгында кагаз ишине мугалимдер көмүлүп калышты.Мугалимдерди барктабасак келечегибиз карангылап баратат.
  • Мугалимдин айлыгы точна созго туруп которосунорбу
  • Мугалимдердин айлыгын кобойтсо бардык билимин балдарга арнамак азыр мугалимдер сабак бербей эле эртенки коноко акча балдарга кийим кечек деп башка жумуш издеп оюнун баары сабакта эмес акча табыш керек кагаз жазмай кагаз негизи аябай коп болуп кетти кагаз жазабы же сабак береби
  • Доктурларда левак көп ии плюс айлык алышат.Мугалимдер байкуштар аз айлык алып толтура документ иштери.мугалимдерди колдоо керек.
  • 1-сентябрда айлык кобойот деп неге октябрга деп койду?Башталгыч класс мугалимдериники кандай болот мурда саатына 81 сом эле
    • Бактыгуль 5 лет назад
      Туура. Жеке эле акча жагынан эмес мугалимдин оздук кадыр баркы томондоп кеткен сыяктуу.Бул коомубузда эн окунучтуу.
      • Бактыгуль 5 лет назад
        Мурунку эже-агайлар менен азыркы эже-агайларды салыштырып болбойт.Ошондуктан эже-агайлар сиздер да бугунку кундун Дуйшону экениниздерди унутпаныздар!
  • Медиктерди да МУГАЛИМ окуткан. Биринчи кезекте мугалимдердин айлык- маянасын көтөрүү керек.
  • Учурда балдарды окутуу жана мектепке тартуу өтө оор . Ошондуктан мугалимдердин айлык-маянасын биринчи кезекте көтөрүү керек. Медиктерге баары адамдар акча менен барат. Мугалимдерге курук келет. Мугалимдер туну күн уктабай иштейт. Медиктер смена менен иштешет.
  • Мугалимдер 1 сааттык сабак үчүн көп акча сарптайт. Медиктер 1 оруучан үчун эч нерсе сарптабайт. Муну туура түшүнүү керек. Мугалимдер үчүн ким жардам берет?
  • Сураныч, мугалимдердин айлык-маянасын биринчи апрелден көтөрүү боюнча ойлоп көрүңүздөр. Анткене, мугалимдерге оңой эмес. Сабак аз болсо да, көп болсо да айырма жок. Себеби, мугалимдердин иши өтө көп. Учурда ата- энелер балдарына көңүл бурбайт.