Момбеков ЖЭБдеги ызы-чуу боюнча ошол кездеги финансы министри Ольга Лаврова камалбай кайда жүргөндүгүн сурады
Деген депутаттар эмес, жеген чиновниктер жоопкерчилик тартыш керек деди депутат Рыскелди Момбеков бүгүнкү 14-февралда болуп жаткан парламенттеги ЖЭБ тууралуу талкууда.
"Мен эми кылмыштын ичине кирип кетпейин, сыртынан сыйпалап өтөйүн. Каныбек Капашович айтып кетти, биринчи кезекте Лаврова менен Абазовдун иши каралышы керек. Учурда Лаврова кайда? Ага айып тагылганбы? Анын мүлктөрү текшерилдиби? Бирок сиздин берген отчетуңузда аныкы жок экен го"-деди Момбеков.
"Лаврова Бишкекте. Мүлкү текшерилип, айып тагылган. Ал эми процестик кодекс боюнча тергөөчүнүн укуктары көрсөтүлгөн. Тергөөчү өзү чечим кылганга укуктуу. Бөгөт коюу чарасын тандап алганга кодексте жол берет. Ошол убакта бул туурасында бир дагы жактоочудан өтүнүч келген эмес"-деп жооп берди Башкы прокурор Жамшитов.
Туура эмес маалымат жазылып калса керек, ал жерде камакка алынгандар модернизация боюнча болгон. Ал эми авариялык абал боюнча камакка алынсын деген чечим чыккан эмес деп кошумчалады.
Эске салсак, Ольга Лаврова ошол кездеги финансы министри болуп иштеп турган.
Добавить комментарий ×