Рыскелди Момбеков: Министрлер кабинетин сейрек кездешчү жаныбарлардай Кызыл китепке киргизели
“Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык анын мүчөлөрү толук иммунитет жана кол тийбестик алышат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Рыскелди Момбеков билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Ал мындай нормалар министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ишмердигинин кепилдиги көрсөтүлгөн 9-беренеде жазылганын белгиледи.
“Президенттин макулдугусуз аларды жоопкерчиликке тартууга болбойт.Бул кандай? Депутаттарды парламенттин макулдугусуз эле кармап жатасыздар? Мамлекеттик сыйлыгы бар министр тергөө жүрүп жаткан учурда үй камагынан тышкары камакка алынбайт. Ооба баардык министрлердин сыйлыктары бар, эң аз дегенде Ардак грамотасы. Акылбек Жапаров-экономиканын эмгек сиңирген ишмери. Келгиле министрлер кабинетин сейрек кездешчү жаныбарлардай Кызыл китепке киргизели. Бул долбоорлду кабыл албагыла. Баары бизге бир жери менен күлүшөт”,-деп айтты Рыскелди Момбеков.
Эскерте кетсек, азыр Кыргызстанда нормативдик-укуктук актыларды 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык келтирүү процесстери жүрүп жатат.Бүгүн Жогорку Кеңеште “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.
Добавить комментарий ×