Рыскелди Момбеков "эл энесин таанытып коёт" деп өкмөткө жинденди
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өкмөттөгү вице-премьерлер оозунан жаңылып, элди тыңчы деп, элеттеги элдин жашоосун эшекке теңегенин айтып жинденди. Ал президентке кайрылып, элге эрегишкен өкмөттүн тизгинин тартып коюшун суранды.
"Чычкан жылы башталбай жатып эле чыйкан жылы башталып кеттиби, мен түшүнбөй калдым. Жыл башталбай жатып эмне балекет жылан чагып жиберди ким билсин, биринчи вице-пермьер элеттеги элдин жашоосун эшектердин азайганына теңеди. Дагы бир вице-премьер чек арадан чыдабай чыгып кеткен кишилерди чыккынчы деди. Кечээ дагы бир өкмөттүн өкүлү "галстугуңар жок" деп мугалимдерди зекип жатат. Баткендеги адамдардын жашоосу галстук менен оңоло турган болсо анда биз бюджеттен карап галстук сатып берели. Бул эмне деген дөөпөрөстүк? Өкмөт элдин кыжырына өздөрү тийип жатпайбы, башка эрмеги жокпу?" — деп депутат суроо салды.
Момбеков андан сырткары Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Россиянын өкмөтү отставкага кеткенин, Украинанын президенти Зеленский өз өкмөтүн көчүккө тепкенин, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев дагы өз өкмөтүн кетиргенин белгилеп, биздин өкмөт кутулуп кеткенин айтты.
Ал андан сырткары вице-премьер Жеңиш Разаковду тыңчы дегени үчүн бир генералга кылмыш иши козголгонун айтып, ошол чындыкты жазган "Чындык" гезитинин башчысын камакка алынганын билдирди.
"Разаков элди чыккынчы деп жатат, эмне ошол жердеги элге "чыккынчы" деген соттун чечими барбы? Элге эмнеге тийишет, элден айланып кетпейби. Урматтуу Сооронбай Жээнбеков эртеңки Коопсуздук кеңешинде азыркы өкмөттү тартипке салып коюңуз, тизгинин кагып коюңуз, болбосо элге эрегишип алыптыр, эл энесин таанытып коёт", — деди эл өкүлү.
Ссылка: https://barometr.kg/ryskeldi-mombekov-el-enesin-taanytyp-koyot-dep-kmtk-zhindendi
Добавить комментарий ×