Рыскелди Момбеков Жеңиш Разаковду апендинин кызына салыштырып, Акрам Мадумаровду мал доктур деди
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков менен жана анын ордуна сунушталган жаңы талапкер —Акрам Мадумаровго карата бир кыйла сын айтты.
Бүгүн, 12-февралда, парламент жалпы жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан вице-премьерликке сунушталган Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карады.
“Сиз апендинин кызындай мактаган Жеңиш Разаков 4 жыл губернатор, 4 жыл вице-премьер-министр болду, бирок төрт метр жерди чечпей кетти”, — деди ал.
Момбеков андан сырткары Разаков кеткенде дагы жөн кетпей президентти жана премьерди жаманатты кылганын айтып, “буга чейинки чек ара боюнча башталган ишти аягына чыгарыш керек беле же жок беле аны кудай билет деп, мындайча айтканда чекит коюп кетти” деп депутат нааразычылыгын билдирди.
Ал ошондой эле эмнеге эле Баткендин губернаторлорун вице-премьерликке алып келе берерине кызыгып, балким Баткен облусунун башчысына эле вице-премьер деген макамды берип койсо иш оңой чечилмектигине токтолду.
Андан сырткары Мадумаровдон башка Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги вице-премьерликке куп жарашмактыгын айтты.
“Улукбек Кочкоровго окшогон мыкты жигит бар, чекист десе чекист, чечен десе чечен. Мунуңуз деле мал доктур экен го, ара чолодо аксап калып дагы уят болуп калбайсызбы деп өтүнүчтү эмес, өкүнүчтү айтып жатам”, — деди ал.
Добавить комментарий ×