Видео. “Мисс Казакстан-2019” титулун утуп алган 19 жаштагы Мадина Бакыт көз жашын тыя албай ыйлады
Казакстанда “Мисс Казакстан – 2019” сынагы өткөрүлүп, анда жалпысынан өлкө боюнча 32 кыз катышып, алардын бири ден-соолугуна байланыштуу сынакка катыша албай калды. Сынак 2-май күнү Нур-Султан шаарында болуп өттү.
“Мисс Казакстан – 2019” титулуна 19 жаштагы Мадина Бакыт кызы татыктуу болду.
Жеңүүчү кызга “Дүйнө сулуусу” сынагына катышууга жолдомо жана 3 миллион казак теңгеси байге катарында ыйгарылды.
Ал эми Мадина Бакыт сынактан кийин жергиликтүү ММКларга берген маегинде:
“Бул жогорку деңгээлдеги толкууланууну жараткан учурду мен сүрөттөп бере албаймын. Мага ишеним көрсөткөндөрдүн баарына ыраазылык билдирем, ал эми утуп алган 3 миллион теңгени мен ата-энеме берем. Учурда мен университетте туризм багытында окуйм. Окууну аяктаганда Казакстандын туризм багытын дагы өнүктүрүү максаттарым бар”, -деп жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүшкөн.
Ал эми Мадина менен катар финалга чыккан 3 кызга “Вице мисс” титулдары ыйгарылды.
Добавить комментарий ×