«Кыргызстан сулуусу -2019» сынагын 17 жаштагы Ширин Мусанкары кызы жеңип алды

27 августа 2019 10:38 1972 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

"Кыргызстан сулуусу-2019" сынагын 17 жаштагы Ширин Мусанкары кызы жеңип алды. 

Буга чейин жеңүүчүгө автоунаа белек кылынары айтылган. Мындан тышкары, алдыңкы орундарга илинген кыздар эл аралык сулуулар сынагына жолдомо жана баалуу белектерди алышты.

Сулуулар сынагы 26-август күнү Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде болду. Анда баш байге үчүн 31 селки ат салышты.

Биринчи вице-мисс наамына Ширин Буурабаева (16 жашта), экинчи вице-мисс Бегайым Абдразакова (24 жашта) болду. Үчүнчү орунга Арина Рустамбекова (20 жашта) татыды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-suluusu-2019-el-aralyk-synakka-katyshat



Добавить комментарий