35 жаштагы Миргуль Бообекова “Missis Asia International 2019” конкурсун жеңди

12 июля 2019 15:39 2817 Barometr
Поделиться в:
ok

35 жаштагы Миргуль Бообекова Казакстандын Алмата шаарында өткөн “Missis Asia International 2019” конкурсунда жеңүүчү болуп табылды. Бул тууралуу маалыматты Боорбекова өзүнүн инстаграм баракчасына бөлүштү.

“Кыргызстанымдын желегин желбиретип Алмата шаарында болгон “Mrs Asia International -2019” титулуна ээ болуп, кубанычым коюнума батпай, баарыңыздар менен тең бөлүшкүм келип турат. Аллахыма миң мертебе ыраазымын!”,-деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, Миргуль айым буга чейин да «Миссис Кыргызстан-2019» сулуулук конкурсунда баш байгени жеңип алган. Анын эки баласы бар.

 

Ссылка: https://barometr.kg/35-zhashtagy-mirgul-boobekova-missis-asia-international-2019-konkursun-zhedi



Добавить комментарий