Министрлик: беткаптын баасын 10 сом деп белгиледик

19 марта 2020 09:49 1967 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда беткапка болгон талап күч экенин, бирок анын таңкыстыгы жок экенин маалымат жыйынында билдирди.

“Беткаптын баасын 10 сомдон жогору сатпагыла деп киргизип жатабыз. Бир кишинин колуна паспорту менен үч гана беткап берилип жатат. Азыр беткап боюнча бардык аракеттер жүрүп жатат. Биздин өндүрүүчүлөр дага ишин жолго койсо таңкыстык жаралбайт. Беткапты негизинен короавинустун белгилери болгон кишилер кийиши керек. Азыр эл паникага алдырып, беткапты сатып алып үйүндө кармап жатат. Андай болбош керек, туура эмес”, — деди министр.

Чолпонбаев андан сырткары дүйшөмбүдөн тарта жергиликтүү өндүрүштөгү беткаптар дагы сатыкка чыкканын кошумчалады.

Министр андан сырткары бир суткады Кыргызстанда коронавирус боюнча жаңы учурлар аныкталбагынан кошумчалады.

Андан сырткары умрадан келген бардык кишилер аныкталып, алар кимдер менен жолугуп, алакада болгону аныкталганын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-betkaptyn-baasyn-10-som-dep-belgiledik



Добавить комментарий