Умрадан 135 эмес, 144 киши учуп келген
Бөлүшүү:
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Умрадан учуп келгендердин так саны 144 экенин 19-мартта болгон маалымат жыйында алды.
Министр умрадан келгендердин бардыгы табылып, обсервацияга алынганын айтты.
“Умрадан келген биздин жарандардын бардыгы табылды. Аларды изоляция кылып, атайын обсервацияга жаткырылды. Учакта 144 киши бар экен, 142си аныкталып обсервацияга жаткырылды, экөөсү Өзбекстанга чыгыптыр. Өүбүздүн каналдар боюнча маалыматтарды бердик”, — деди ал.
Чолпонбаев андан сырткары 142 кишинин бардыгы текшерилип, үчөөнөн коронавирус табылганын кошумчалап, калган кишилерден табылбаганын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/umradan-135-emes-144-kishi-uchup-kelgen
Добавить комментарий ×