Кыргызстандагы коронавирус: бир суткада жаңы учурлар катталган жок

19 марта 2020 09:28 910 Barometr
Поделиться в:
ok

Бир суткада Кыргызстан боюнча коронавирус жуккан жаңы учур аныкталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында билдирди.

Эске салсак, 18-мартта, министр Сузак районунан Умрага барып келген үч кишиден коронавирус табылганын маалымдаган. Алардын бардыгы эркек кишилер.

Ал ошондой эле коронавирустун клиникалык белгилери байкалган үч киши кайрылганын, алар дагы обсервацияга алынып, иштер жүрүп жатканын кошумчалап, учурда Жалал-Абаддагы ооруканада жатканын белгиледи.

Министр өз сөзүндө учурда Жалал-Абад облусунун башчысы өзүнүн дңгээлинде өзгөчө кырдаал киргизип, иш алып барып жатканын белгиледи.

“Райондун аймагында сантитардык эпидемилогиялык аракеттер күчөтүлдү. Дарыгерлер үч киши кимдер менен жолукканын аныктап, кошуна-колоңдорун аныктап иш алып барууда”, — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-bir-sutkada-zhay-uchurlar-kattalgan-zhok



Добавить комментарий