Өзгөчө абал аяктай турчу аймактарда той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат
Ишин кайрадан баштай турган экономиканын объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.
Жергиликтүү бийлик, Саламаттык сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция менен өз ара тыгыз иш алып барышы зарыл. Ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагыла.
Коопсуздук кеңешинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр, Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Боронов өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу жөнүндө сунуш киргизди. Белгиленгендей, өзгөчө абалдын шартында экономикалык субъекттердин ишин жандандыруу планында объекттердин конкреттүү тизмеси, алардын кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек.
Ошону менен катар айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз калат. Аларга мамлекет башчысы токтолду.
«Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүгө/чыгууга санитардык-карантиндик блокпосттор өзүнүн ишин улантат», — деди ал.
Муну менен биргеликте, экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартылат. Ошондой эле өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине тыюу салуу күчүндө калат.
Ссылка: https://barometr.kg/madanij-massalyk-ish-charalardy-toj-ashtardy-tkrg-tyyuu-saluu-kchnd-kalat
Добавить комментарий ×