Кыргызстанга 45 өлкөнүн өкүлдөрү визасыз кире алат

28 февраля 2019 12:31 1712 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстанга 45 өлкөнүн өкүлдөрү визасыз кире алат. Ал эми 68 өлкөгө жөнөкөйлөтүлгөн виза берилет. Бул тууралуу маалыматты бүгүн 28-февралда парламенттеги жыйында Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Кыргызстанга келиш үчүн визаны кантип алабыз? Канча күн кетет? Кантип алабыз?-деген суроону берди депутат Айсулуу Мамашева. 

"Учурда интернет аркылуу кирип, үйдөн эле чыгарып алып Манас Аэропортунан көрсөтүп кире берет. Баасы 40 доллардан өйдө. Учурда 45 өлкө виза жок кире алат. 68 өлкөгө жөнөкөйлөтүлгөн. Калган мамлекеттер виза алып кире беришсе болот. Чектөө жок"-деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Мындан тышкары депутат Айсулуу Мамашева өлкөгө коркунуч жарата турган адам болуп калса кандай жолдор менен чечилерине кызыкты. Министрлик тарабынан электрондук түрдө виза ала албайт деген жооп болду. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-45-lknn-kldr-vizasyz-kire-alat



Добавить комментарий