Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси дипломатиялык миссиясынын аяктады
Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Сауд Арабия Падышлыгынын Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради аль-Ради мырза менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу коштошуу жолугушуусун өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары элчинин жемиштүү ишмердүүлүгү жана өз ара ишенимге, урматтоого негизделген кыргыз-сауд мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Эркинов Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы саясий диалогду мындан ары да бекемдөөнүн, ошондой эле экономикалык жана гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде Элчи Ибрахим аль-Ради кыргыз тарапка кызматташуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы мамилелер мындан ары да чыңдалып, өнүгөрүнө ишенимин билдирди.
Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну талкуулашты.
Ссылка: https://barometr.kg/saud-arabiyanyn-kyrgyzstandagy-elchisi-diplomatiyalyk-missiyasynyn-ayaktady

Добавить комментарий ×