Кыргызстандын облустары боюнча обсервацияга алынгандардын саны кандай? Тизме
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев обсервацияга алынган жарандарды оорулуу деп айтууга болбой турганын маалымат жыйында айтты.
Андан сырткары ал облустар боюнча обсервацияга алынгандар тууралуу маалымат берди. Ага ылайык:
Баткен облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 48;
Ош облусу – 64;
Чүй облусу – 4;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл обулсу – 1;
Бишкек шаары – 19.
Министр учурда алардын бардыгы көзөмөлдө экенин кошумчалады.
Министр андан сырткары бир суткады Кыргызстанда коронавирус боюнча жаңы учурлар аныкталбагынан кошумчалады.
Андан сырткары умрадан келген бардык кишилер аныкталып, алар кимдер менен жолугуп, алакада болгону аныкталганын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-oblustary-boyuncha-observaciyaga-alyngandardyn-sany-kandaj-tizme
Добавить комментарий ×