Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикистанды чек арадагы кырдаалды курчутпоого чакырды

25 мая 2019 00:25 1262 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча билдирүү таратты.

КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы «Азия плюс» маалымат агенттигинин сайтына Тажикстандын УКМКсынын чек ара боюнча бөлүмүнүн маалымат кызматы жарыялаган маалыматка кошулбай турганын билдирген. Анда Кыргызстан тарап Курганча жана Карабаг айылдарынын ортосунда жайгашкан көрүстөндө алардын туугандары жаткандыктан аларга таандык экенин айтканы, бул фактыны пайдаланып кыргыз тарап аянты 4 гектарлык көрүстөндүн аймагын мыйзамсыз ээлеп алууга ниеттенип жатканы тууралуу жазылган.   

Мамлекеттик чек ара кызматы расмий билдирүү жасап, мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация процесстерине байланыштуу бардык суроолор тараптар эл аралык жана улуттук мыйзамдардын негизинде чечилерин, бул боюнча өкөмттөр аралык комиссия түзүлүшү керектигин белгилеген.

Кыргызстандын чек ара кызматы абалды жөнгө салуу боюнча комплекстүү чаралар көрүлгөндүктөн акыркы беш жылда чек арадагы пикир келишпестиктер кыскарганын белгилеген.

Үстүбүздөгү жылдын 22-майында Кыргызстан жана Тажикистандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү абалды жөнгө салуу максатында чек арадагы аймактарда багыттарды Эски Мазардын аймагындагы көрүстөнгө кирбегендей өзгөрткөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикистан Республикасынын тиешелүү органдарына бул боюнча абалды курчутпоого чакырып, терс кесепеттерди алып келерин билдирген. Ошондой эле чек ара тармагында эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр жумшаларын кошумчалаган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-chek-ara-kyzmaty-tazhikistandy-chek-aradagy-kyrdaaldy-kurchutpoogo-chakyrdy



Добавить комментарий