Ошто аскер кызматкерине аюу кол салып, ал алган жаракатынан улам каза болду

20 июля 2022 13:11 1318 Barometr
Поделиться в:
ok

Чоң-Алай районунда аскер кызматкерине аюу кол салды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, 19-июль күнү КР Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын контракттык аскер кызматкерине аюу кол салып, ал алган жаракатынан улам көз жумган. 

"Ош облусунун Чоң-Алай районунун Туштук-Бөкбашы тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтаруу милдетин аткарып жүрүп, 1992-жылы туулган аскер кызматкери К.А.га аюу капысынан кол салып, натыйжада аскер кызматкери оор жаракат алган. Көрсөтүлгөн биринчи жардамга карабастан, сержант К.А. алган оор жаракаттардан улам каза болгон.

Окуя болгон жерде КР УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгы, Аскердик прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тактоо иштерин жүргүзүүдө", -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-asker-kyzmatkerine-ayuu-kol-salyp-algan-zharakatynan-ulam-kaza-boldu



Добавить комментарий