УКМК Чек ара кызматынын бир катар жетекчилерин кармады

20 октября 2021 11:41 1504 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматындагы аскер кызматкерлеринин коррупциялык туруктуу ишмердигине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Атайын кызматтын версиясына таянсак, «Достук -унаа жолу» көзөмөл өткөрүү бекетинин кызматкерлери Чек ара кызматынын бир катар жетекчилерине таянып алышып чек арадан өткөн жарандардан акча алып турушкан. Алар Өзбекстандын жарандарынан жана жүк унааларынын айдоочуларынан акча алышкан.

Аталган факт Жазык кодексинин 325-беренесинин 3-пунктунун 2-бөлүгү (пара алуу) менен катталды.

19-октябрда «Достук-унаа жолу» көзөмөл өткөрүү бекетинин башчысы А.Э., Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Ч.Н., ошондой эле Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси-Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары К.Б. кармалды.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө уланууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-chek-ara-kyzmatynyn-bir-katar-zhetekchilerin-karmady



Добавить комментарий