Индия Кытай менен болгон чек арасына аскердик техникаларын тартууда

21 декабря 2022 13:44 848 Barometr
Поделиться в:
ok

Индия Кытай менен чек арасына болгон аскердик техникаларын тартып келүүдө.  Бул тууралуу The Indian Express басылмасы жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматты, Индиянын тышкы иштер министри Субраманям Джайшанкар тастыктаган.

Министрдин айтымында, бул 2020-жылдан бери кыйла көбөйгөн кытайлык аскерлердин жайгаштырылышына каршы жасалууда.  
Анын айтымында, Индиянын армиясы такталбаган жерлерге бир тараптуу көзөмөл кылууга каршы чыгат.    

Эки өлкөнүн чырына Тибеттин түштүгүндөгү Индия менен Кытай талашып жаткан чек ара аймактарында узундугу 4 миң кмден ашкан шарттуу демаркация сызыгы себеп болууда.   
 
 
 

Индия тарап Пекиндин көзөмөлүндөгү Тибет бөксө тоосунун бир бөлүгү болуп саналган Аксай Чин аймагы биздики деп келишет. Ал эми Пекин Нью-Дели көзөмөлдөгөн Аруначал-Прадештин аймагын өздөрүнүкү деп ырасташат.     

Бул аймактар 1962-жылы эки өлкөнүн ортосундагы чек ара согушунан кийин бекитилген.     
 Пекин менен Нью-Дели бул аймактарды талашууну улантууда.       

Буга чейин 9-декабрда Индиянын батышындагы Аруначал-Прадеш штатындагы Таванг районундагы ЛАК боюнча индиялык жана кытайлык аскерлердин ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан тең бир нече аскер кызматкерлери жеңил жаракат алышкан.        

Андан кийин, Индия менен Кытайдын аскерлери аймактан чыгарылып кеткен. Бир нече күндөн кийин Индиянын Коргоо министрлиги дагы бир кагылыш болгонун жарыялап, анда кытайлык аскерлер өлкөгө кирүү аракетин жасаганын айткан.          

13-декабрда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэнбинь Кытай-Индия чек арасындагы абал туруктуу экенин жана тараптар дипломатиялык жана аскерий каналдар аркылуу байланышып жатканын билдирген.         


Ссылка: https://barometr.kg/indiya-kytaj-menen-bolgon-chek-arasyna-bolgon-askerdik-tehnikalaryn-tartuuda



Добавить комментарий