Кыргызстандын балбан кыздары U23 дүйнө чемпионатын багытууга жол тартты. Курамда Мээрим Жуманазарова жок

25 октября 2019 16:37 3933 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн курамасы U23 арасындагы дүйнө чемпионатына жөнөп кетти. Мелдеште 57 кг салмакта Нураида Анаркулова, 59 кг Назира Марсбек кызы жана 76 кг салмакта Айпери Медет кызы күч сынашат.

Ал эми Азиянын эки жолку чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Мээрим Жуманазарова бул мелдешке катышпайт. Ал күрөш боюнча U23 арасындагы дүйнө чемпионатына баруучу балбан кыздардын тизмесинде жок.

Бул тууралуу өлкөнүн кыздар күрөшү федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев “barometr.kg” сайтына билдирди.

Анын айтымында, Мээрим жаракатына байланыштуу бул мелдешке катыша албайт.

Мээрим август айында Таллинде өткөн жаштар арасында Дүйнө биринчилигинде алган жаракатынан толук сакая элек”, - деди Байгазы Кенжебаев.

Эске сала кетсек, спорттук күрөш боюнча U23 дүйнө чемпионаты Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарында өтөт. Мелдештин кыздар күрөшү 30-октябрда башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-balban-kyzdary-u23-djn-chempionatyn-bagytuuga-zhol-tartty-kuramda-meerim-zhumanazarova-zhok



Добавить комментарий