Видео. Жоламан Шаршенбеков U23 дүйнө чемпионатынын күмүш медалын утту

3 ноябрь 2019 22:48 13053 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков U23 дүйнө чемпионатынын күмүш медалын утту.

Алтын байге үчүн таймашта ал армениялык Армен Меликян менен кармашып, 9:7 эсебинде жеңилип калды.

Грек-рим күрөшүнөн 60 кило салмакта ат асылышып жаткан Шаршенбеков жарым финалда украиналык Жора Абовян’ды мөөнөтүнөн мурда эле 8:0 эсебинде утуп финалга жолдомо алган.

Чейрек финалда кытайлык Лигуо Цао’ну да таза техникалык жеңиш менен уткан. 1/8 финалда орусиялык Артун Петросянды утту.

Ал эми квалификациялык этапта Азербайжан балбаны Азгар Ализадени 19 секунданын ичинде 4 упайлык ыкмага чаап, далысын тийгизип, таза жеңди.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Будапешт шаарында (Венгрия) өтүп жатат.

Буга чейин эркин күрөш жана кыздар күрөшү болуп өттү.

 Жоламан Шаршенбек быйыл март айында Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өткөн U23 Азия чемпионатын жеңип, чемпион болгон. Ал эми 2018-жылы дал ушул Будапешт шаарында чоңдор арасында дүйнө чемпионатында 55 кило салмакта экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынып кайткан.

Ссылка: https://barometr.kg/zholaman-sharshenbekov-u23-djn-chempionatynyn-kmsh-medalyn-uttu



Добавить комментарий