Видео. Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиевдин жасаган ыкмасы дүйнө чемпионатындагы керемет ыкма деп табылды

5 ноября 2019 22:18 1926 Barometr
Поделиться в:
ok

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму Кыргызстандын эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиевдин жасаган ыкмасын мелдештеги эң кооз ыкма деп тапты. Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланып, видеосу коюлган.

Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында Эрназар АКШлык Жайдин Селсор Айрманды чапкан. 65 кило салмакта күч сынашкан балбандар мелдештин 1/8 финалында кез келип, Эрназар Акматалиев акыркы секунддарда артка ийилип чапкан (прогиб) керемет ыкманы жасаган. Бул беттеште кыргыз балбаны утуп, чейрек финалга чыккан.

Венгриянын Будапешт шаарында өткөн U23 дүйнө чемпионатында Эрназар 5 орунду ээледи. Коло байге үчүн күрөштө украиналык Игорь Никифорюк менен кез келип, беттеш 8:8 тең чыгуу менен аяктаган. Жасалган упайларынын сапатына жараша жеңиш украин балбанына ыйгарылып, ал коло байге тагынган.

Ссылка: https://barometr.kg/video-kyrgyz-balbany-ernazar-akmatalievdin-zhasagan-ykmasy-djn-chempionatyndagy-keremet-ykma-dep-tabyldy



Добавить комментарий