Грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков Бишкекке келди
Грек-рим күрөшүнүн чебери, U23 дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Жоламан Шаршенбеков Бишкекке келди.
Спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын, өлкөнүн Күрөш федерациясынын жетекчилери, спортчунун жакын туугандары жана күйөрмандары балбанды бүгүн, 5-ноябрда “Манас Эл аралык аэропортунан салтанат менен тосуп алышты.
Алар Жоламан Шаршенбековду бул ийгилиги менен куттукташып, калпак кийгизип, чепкен жапты.
Жоламан Шаршенбеков Венгриянын Будапешт шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатында жалпысынан беш кармаш өткөргөн. Финалдык беттешке чейин Азербайжан, Кытай, Орусия жана Украинанын балбандарын жеңип алган. Бирок алтын үчүн болгон кармашта Армениялык балбанга уттуруп койгон.
Жалпысынан Кыргызстандык балбандар аталган мелдеште үч медаль утуп алышты. Улукбек Жолдошбеков эркин күрөштө (61 кг) Дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль утту. Ал эми, кыз-келиндер күрөшүндө Айпери Медет кызы (76 кг) коло медаль тагынып кайткан.
Ссылка: https://barometr.kg/grek-rim-krshnn-balbany-zholaman-sharshenbekov-bishkekke-keldi
Добавить комментарий ×