Фото. Дүйнөдөгү эң сексуалдуу аял ким экени белгилүү болду

13 июня 2019 10:20 2956 Barometr
Поделиться в:
ok

Мырзалардын MAXIM журналы дүйнөдөгү эң сексуалдуу айымдардын топ-100 деп аталган рейтингин чыгарды. Анын жыйынтыгы менен биринчи орунга “Аалам сулуусу-2012” титулун жеңип алган, АКШнын атактуу модель айымы  Оливия Калпо чыкты. 

Бул кубанычтуу жаңылыкты Оливия өзүнүн Instagram баракчасына жайгаштырды. Кыз бардыгана көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылык билдирди.

Учурда Оливия 27 жашта, ал 18 жашынан тартып модель болуп иштей баштаган. Кыз «Мисс Род-Айленд-2011»,«Мисс АКШ-2012» жана «Аалам сулуусу-2012» сынактарында баш байгени жеңип алган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/foto-djndg-e-seksualduu-ayal-kim-ekeni-belgil-boldu



Добавить комментарий