Өкмөт чек арада каза болгон офицердин үй-бүлөсүнө турак жай алып берди

27 декабря 2019 16:50 3246 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда каза болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалымат камсыздоо бөлүмү билдирди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  резервдик фонддон каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө үй алуу үчүн 2 млн сом бөлүү чечимин чыгарган.  Жер тилкелүү турак жай Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан. Үйдүн жана жер тилкениндокументтери каза болгон чек арачынын жубайына катталды

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-kmt-muminovdun-j-blsn-turak-zhaj-alyp-berdi



Добавить комментарий