Күрөш. U23 дүйнө чемпионаты: Нураида Анаркулова жеңилди
Кыргызстандык Нураида Анаркулова U23 дүйнө чемпионатында биринчи эле беттешинде жеңилип калды. 57 кило салмакта күрөшкө чыккан Нураида квалификациялык этапта монгол кызы Хонгорзул Болдсайхан’дан жеңилди.
Өлкөнүн кыздар күрөшү федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев бул боюнча “barometr.kg” сайтына комментарий берип, Нураида физикалык күч жагынан артыкчылыгын пайдалана алган жок деп билдирди.
“Нураида жакшы аракет жасады. Физикалык жактан артыкчылыгы бар болчу. Ачык күрөш жүргүздү. Ошондуктан атаандаштын контр чабуулдарына кабылып калып жатты ”, - деди ал.
Аталган мелдешке быйыл Кыргыз курамасынан үч салмакта балбан кыздар келген.
Эске сала кетсек, спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Будапешт шаарында (Венгрия) өтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/krsh-u23-djn-chempionaty-nuraida-anarkulova-zheildi
Добавить комментарий ×