Күн сереп: Президент ачууланды, Асланайым аман, “Кырк чоронун” башчысы камакта

11 марта 2019 16:48 6931 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 11-мартта Бишкекте өткөн судьялардын XI курултайына президент Сооронбай Жээнбеков катышты.Жыйынга 400гө жакын судьялар келген.Президент соттордун ишин катуу сынга алды.

8-мартта өткөн жүрүшкө каршы мэриянын алдына митинг уюштурган «Кырк чоро» тобунун башчысы Замирбек Кочорбаевди милиция кармап кетти. “Мен гүл бергендердин арасында гейлер да бар экен” деген Кочорбаевди Бишкек ШИИБине суракка алып кетишти.

Ал ортодо Бириккен Сауд Аарбиясындагы King Saud Medical City бейтапканасында кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Ашировага ийгиликтүү операция жасалды. 8-мартта  “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалынын ачылыш аземине каскадерлер репетиция жасап жаткан учурда жаачы кыз өз алдынча атка минип чыгып, бутунан жаракат алган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kn-serep-prezident-achuulandy-aslanajym-aman-kyrk-choronun-bashchysy-kamakta



Добавить комментарий