Өкмөт өзгөчө кырдаал учурунда элге кандай кеңештерди берди. Тизме

21 марта 2020 18:32 864 Barometr
Поделиться в:
ok

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 22-марттан тарта бир айлык мөөнөткө өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилерин маалымдады. Андан сырткары бул учурда эл кандай аракеттерди кылуусу керектиги боюнча сунуштарды берди.

“Өзгөчө кырдаал кирген убакта ошого байланыштуу карантиндер киргизилет. Оору аныкталган кишилер жана ал аймактар карантинде турушат. Өзгөчө кырдаалдар киргизилгенде республикада тартип карантинге байланыштуу киргизилет. Эч кандай муктаждыгы жок эле башка жактарга чыгууну азайтуу зарыл. Элдин алака-катышы чектелет. Карантин болгон аймактан чыкпөө, жеке гигиенаны бекем сактоо, турак-жайларды дезинфекциялоо, санитардык норманын эрежелерин бекем сактоо тууралуу кеңештер берилет. Жарандар ушуга жараша өздөрүнүн турмуш-тиричилигин пландашы керек”, — деди Боронов.

Ал ошондой эле, өзгөчө кырдаалдар учурунда мамлекеттик органдар өзүлөрүнө тагылган милдеттери боюнча иштерин жүргүзө турганын кошумчалады.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккан кишилердин саны 14кө жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-zgch-kyrdaal-uchurunda-elge-kandaj-keeshterdi-berdi-tizme



Добавить комментарий