Өзүн сыйлабаган айымдардын 5 белгиси

9 февраль 2023 08:30 4300 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзүн сыйлоо дегенди көп айтышат, бирок өзүн сыйлоо деген эмне экенин сурасаң көбү эле биле бербейт. Бүгүн barometr.kg айымдардын өзүн сыйлабай жатканын  көрсөтүп турган беш өзгөчөлүккө токтолмокчу.

1. Келбетине карабоо

Өзүн чындап сүйгөн жана сыйлаган аял ички дүйнөсүн эле сулуулай бербей сырткы келбетине да кам көрөт. Косметолог, диетолог, тренерге барган айымдарды сулуу эмес жана өзүн сыйлабаган аял деп ким айта алат?

2. Ишенимсиздик

Өзүнө сыйлаган аял келбетин карабайт, ал эми келбетин карабаган аялда өзүнө ишенимсиздик пайда болот. Өзүн сыйлаган айым дайыма көп окуп, көп изденет жана кандай жагдайда болбосун өзүнө ишенимдүү жүрөт.    

3. Эмне каалап жатканын билбесе

Эмне каалап жатканын билбеген, өзүнүн жан дүйнөсүнүн үнүн укпаган айым дагы өзүн сыйлабаган айымдардын бирине кирет.

4. Баары үчүн иштейт

Иши абдан көп болуп эле өзүн карабай калуу, эс ала албай түйшүк тарта берүү дагы өзүн сыйлабастыктын бир белгиси.

5. Өзүнүн ордун билбөө

Өзүн сыйлабаган, сүйбөгөн аял жеке чек арасын дагы коргогонду билбейт. Аны жакындары жана башкалар манипуляцияга салып алдап кете берет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zn-syjlabagan-ajymdardyn-5-belgisi



Добавить комментарий