Жашооңуз бул 3 сырды билгенден кийин оңолот

24 август 2022 10:12 5913 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ар бир адам бул жашоого бактылуу болуш үчүн төрөлөт деп коюшат эмеспи. Ар бир адам төмөнкү көрсөтүлгөн 3 сырды өздөштүрсө ал жашоосунда жапа чекпей, бактылуу болот деп эсептешет психологдор. Бүгүн barometr.kg сизге ал тууралуу сунуштайт.

№1 сыр. Жашооңуздагы маселелер тууралуу айтканды токтотуңуз!

Эгер чындап келгенде элди сиздин маселеңиз, тынчсызданууларыңыз эч бир кызыктырбайт. Көпчүлүк адамдарга сиздин маселеңиздин кереги да жок. Ар бир адам өзүмчүл. Ошондуктан ички ресурстарыңызды, энергияңызды даяр эмес бирөөдөн колдоо табам деген ниетте коротпоңуз.

Айрым аялдар көбүнчө ичиндеги бугун бөлүшүп алганда жеңилдегендей болуп калышат, бирок баардык эле адам сиздин ички маселеңизге тиешеси жок экенин, эмоционалдык жактан көп адамдар жардам бере албасын түшүнүүңүз керек болот. Ошондуктан аялдар да, эркектер да психологго кайрылгандары дурус. Албетте туура иштесеңиздер бул кайрылуулар жашооңузду бир кыйла жеңилдетет.

№2 сыр.Баарына жакшылык кыла бергенди токтотуңуз!

Заманбап дүйнөдө “жок” деп айтканды билген дурус. Биздин психикасыз жок деген нерсени абдан оор кабыл алат, бирок бирөөгө баш тартпай коем деп жатып өзүңүздүн жеке чегиңизди бузуп албаңыз.

Эки жүздүү болгондон көрө бетине эле жок деп айтканыңыз адамдарга да, сизге дагы алда канча жеңил болот.

№3 сыр. Өзүңүздү укканды билиңиз!

Эгерде өзүңүздүн ички каалоолоруңузду уга билбесеңиз жашоодон эч качан бакыт таап, ийгиликтүү боло албайсыз. Бул фактыны кабыл алуу- сизди эгоист эмес, тескерсинче бактылуу кыла турган нерсе.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhashoouz-bul-3-syrdy-bilgenden-kijin-oolot



Добавить комментарий