Сүйгөн кызыңыздын же аялыңыздын сизге кызыкпай калганынын 4 белгиси

10 сентябрь 2021 13:59 1682 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүк адамдар үчүн мамиле куруу кыйынчылыктар менен коштоло турган нерсе, сүйлөшкөндө, таанышканда, жубай болуп жашаган кезде бири-бирин түшүнө албаган учурлар аябай эле көп. Көбү мамилени таптакыр бузуп таштагандан кийин “аттиң” деп бармагын тиштеген учурлар дагы жок эмес. Бүгүн barometr.kg мырзаларга кыз-жигиттин  мамилеси муздай баштаганда, үй-бүлө ажырашууга барар алдында аялдар кандай аракет жасары тууралуу маалыматты психологдун кеңешине таянуу менен сунуштайт.

Сизге карата айымыңыздын көңүлү сууганын төмөнкү белгилерден улам билсеңиз болот.

1.Таарыныч жана чатакташуу таптакыр жоголот   

Мындай учурда көпчүлүк эркектер кубанышы мүмкүн. Акыры чатактардын аягы тыйылып, конфликтер жоголду деп.Чын эле аялым, же сүйлөшкөн кызым жакшы болуп, жибектей чоюлуп калдыбы деп ойлойт. Бирок мындай мамиленин тескери жагы дагы бар экенин эске ала жүргөн оң.    

Эгерде мурда уруш-талаш болуп жүргөн болсо ал ошондой эле улана бермекчи экенин эске алыңыз. Адам жөндөн-жөн эле өзүнүн адаттары менен мүнөзүн өзгөртпөйт. Анан калса күтүүсүз эле бир күндө башка адам болуп чыга келбейт.

Бул унчукпай калуу сизге карата кызыгуу жоголгонунун белгиси. Башкалар менен басып кетсеңиз деле эч кандай доомат айтылбай жатса анда бул толук түрдө кош көңүлдүктүн белгиси. Анан калса мамиле мындай чекке жеткен кезде аялды эч качан кармап кала албайсыз.

Бул белги ажырашуу келип калганын билдирет. Эгерде аялда эч кандай сизге карата эмоция болсосо анда бул мамиле жакында үзүлөт деген нерсе.

2.Убакытты аз өткөрүү  

Чогуу жашайсыңарбы же аралыктан мамиле кыласыңарбы аял акырындап сизден алыстай баштайт. Жогорудагыдай эле көп эркектерге башында бул жагат. Акыры соңу өзүмдүн досторум менен кенен сүйлөшөм деп ойлойт.

Бирок бул дагы мамилелердин соңу жакындап келе жатканын билдире турган белги. Аялдар эч качан эркекти жөн эле кароосуз таштап салбайт, алар дайыма чогуу болгусу келет. Албетте 24 саат эмес, бирок мүмкүн болушунча эркек менен жакын мамиледе болууну, жанында болуусун каалайт.Эки бөлөк болуп калуу эмнеден келип чыгып жатканын ойлонуңуз!

3. Улам-улам эле сунуштарыңызга баш тартуу

Эгерде сүйлөшкөн кызы улам эле ар кандай шылтоо айтып жолугушуудан качып жатса дагы жигит үчүн туура эмес көрүнүш.Жигиттен кол үзгүсү келген кыз гана улам бир шылтоо айтып ага жолугушуудан качып калат.

4. Жасалма түрдө эле иши көбөйүп кетсе  

Кокустан эле сүйлөшкөн кызыңыздын жумушу көбөйүп чыга келсе да эмнеден улам антип жатканын ойлоп көрүңүз.Бул жогорулдагы белгиге окшош эле.Албетте 2-3 жолу ошондой болсо эч нерсе эмес, бирок системалуу түрдө эле сүйүктүүңүздү “иши көбөйүп, колу бошобой, телефонго жооп бергенге да мүмкүнчүлүгү жок болуп” жатса анда сизден кызыгы тараганы деп эсептесеңиз болот.

Көпчүлүк аялдар (эркектер да) мамилени бузарда ачык айтпай, акырын алыстап качып калышат.Ошондуктан бул белгилерди биле жүргөнүңүз оң.

 

Ссылка: https://barometr.kg/sjgn-kyzyyzdyn-zhe-ayalyyzdyn-sizge-kyzykpaj-kalganynyn-4-belgisi



Добавить комментарий

  • Бул айтылгандар туура Себеби бизде ушундай болду жолдошумда акырында айтып калды "не чалбай сурабай мени менен эмнеге иши болбой калды деп журсом аягы ушу менен аяктаган турбайбы жашообуздун. Мен сенин чалбай жазбай калганындан колу тийбей же конду окшойт жазып чалып сурабай калды деп ойлоп жургом деп калды."Бирок озумо билинген эмес. Жолдошум чон машина айдап уйго бир айда бир барчу. Ошентип журуп эки жолго туштук🤔😏😏