Мырзаларга 7 кеңеш. Аялдар урушуп жатканда эмне кылуу керек?

25 октябрь 2022 10:05 6602 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үй-бүлөлүк чатак маалында мырзаларга керек болгон негизги кеңештерди бүгүн barometr.kg сунуштайт.

1. Эркектер таарынычты башкара билүүнү өздөштүргөнү жөндүү. Чатактан качып кетүүнүн ордуна жубайыңыз эмне үчүн сынга алып жатыптыр аны угуп көргөнүнүз дурус. Балким чындап эле конфликттин себепчиси өзүңүз болуп жатпаңыз. 

2. Өткөндө жасаган ишиңиз үчүн аялдардан ыраазычылык талап кылбаңыз. Баардык эле аракеттериңизге айымдар кубана берет деген ойдон да алыс болуңуз. “Сага муну кылгам, тигини кылгам” деген өктөөлөрүңүздү урушуп жаткан айымдар эч качан укпайт. 

3. Жубайыңызды түшүнө билүүгө аракет кылыңыз. Ал өзүн жаман сезип, сиздин көмөккө муктаж болуп жаткандыр. Көп аялдар өзүнө жаман болуп жатканын башкалардан чыгарып, чатак чыгарышат. Көп айымдар өзүнүн ички үнүн уга билбейт. Балким ошондой маалда сиз анын чатагына кабылып, кошо жарышып уруша берсеңиз жагдай ого бетер начарлайт

4.Чатак, конфликт маалында таарынычыңызды четке кое туруп келип чыккан жагдайды чечүүгө аракет кылыңыз. Эки тарапка азыр дал ушул учурда эмне жакшы болгону турат, ойлонуңуз. Тыным алып абалды оңдой турган нерселерди ойлонуңуз.     

5. Уруш-талаш үчүн дайыма эле аялдарды күнөөлөй берген эркектер менен дос болбоңуз. Көпчүлүк мындай адамдар дайыма жапа чегип, толтура маселелери бар, бактысыз адамдар болушат.Алардын наалыганы сиздин үй-бүлөлүк ынтымагыңызга кедергисин тийгизет.     

6. Өзүңүзгө “Менин аялым айтып жатканы нерсенин дагы чындык жагы бардыр, ал жашообузду жакшыркысы келип, же мени кызганып, же акча жетишпей, же туура эмес түшүнүп алып чатак чыгарып жатпасын” деп анализ жүргүзө билүүнү үйрөнүңүз.  Талдоону үйрөнгөндөн кийин экөөңүздөргө тең жеңил болуп калмакчы.

7.Мүнөзүбүз келишпей калды деп жыйынтык чыгара калууга шашпаңыз.Мамилелер көптөгөн аракеттер менен көп жылдарда курула турганын эске алыңыз.   

 

Ссылка: https://barometr.kg/myrzalarga-7-keesh-ayaldar-urushup-zhatkanda-emne-kyluu-kerek



Добавить комментарий