Акча тууралуу 3 коркунуч

25 ноябрь 2021 10:30 2620 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Заманбап дүйнөдө акча, каржы, ийгиликтин сырлары тууралуу ушунчалык көп айтылып жатат. Бирок анын кайсынысы чын кайсынысы жалган экенин билбей башыңыз айланып калган учурлар болобу? Ошентсе дагы сизге бүгүн акча табууга, байлыкка ээ болууга керек болгон, чындап эле иштей турган үч сырды barometr.kg сунуштайт. Бул үч программаны туура колдоно билсеңиз кайсы учур болбосун сизди максатыңызга жеткирет.

Акча үчүн эмес, аны сатып ала турган нерсе үчүн иштеңиз! 

Көпчүлүк ийгилик тууралуу баяндарда позитивдүү ой жүгүртүү тууралуу айтылат. “Кыялдан бай болосуң” деген сөздөр көп жазылат. Бул нерсе таптакыр иштебейт. Акча бул максат эмес, акча бул бир нерсе сатып алууга төлөй турган кагаз. Сиз мисалы үлпөт көйнөгүн сатып алып жатып кооз кийим кийүү эмес, бактылуу үй-бүлөлүк жашоону кыялданасыз. Көйнөк болсо сизди бул кыялга алып бара жаткан аксессуар гана.

Акчага дагы ушундай мамиле жасаңыз, аны алгандан кийин эмне аларыңызды ойлонуңуз. Максатыңыз жок туруп эле көп акча тууралуу кыялдана берсеңиз ал эч качан ишке ашпайт.Акча бул сиздин каалоолоруңуздун узун тизмелерин ишке ашырууга керек болгондо гана табыла баштайт.

Акчадан коркпоңуз!

Акчадан дагы корккон киши болмок беле деп жылмайып алсаңыз керек. Эгерде кымбат ресторанга баргандан кысылсаңыз, кийимдин же буюмдун баасын карап алып “бул мен үчүн эмес” десеңиз бул акчадан коркконуңуздун белгиси болуп эсептелет. Жалпысынан көп акча жүргөн жерде өзүңүздүн тарелкада эмес сезе баштасаңыз, анда сизде жакырчылыктын программасы иштеп жатканынын белгиси. Андан кантип арылам десеңиз албетте атайын психолог адистерге барып иштеп, деструктивдүү программалдан арылыңыз. “Мага мындай люкстардын кереги жок” деп ичиңизден асман айдан кетип чамына баштасаңыз, өзүңүз билиңиз. Ал да байлыкка карата сиздин тандооңуз.   

Акчасыз калгандан коркпоңуз!

Ар бир адам үчүн бул өтө чоң сыноо. Азыр акчаны буга коротуп салсам эмне болот деген ой ар бир адамда иштеп турат.Ошондуктан көп адамдар жумуштары жакпаса да иштеп жүрө беришет. Акча чындыгында көп, бирок аны иштөөнүн ыкмаларын өздөштүрүү керек болот. Ал үчүн анын кенен коротуп жана кенен тапкандай программаны ишке киргизүүңүз керек болот. 

Ссылка: https://barometr.kg/akcha-tuuraluu-3-korkunuch



Добавить комментарий