Коронавирустан каза болгон 18 медкызматкерлердин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация берилди

4 сентябрь 2020 14:49 953 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кызмат учурунда каза болгон медиктерге 1млн сом төлөнөт. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Жумуш учурунда коронавирус чалдыккан жана жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө тууралуу маалымат

“Жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учур катталган мекемелерде атайын комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө, коронавирустан каза богон 18 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилген.  Мындан сырткары, дагы 34 учур каралып, иликтенип жатат”, - деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

 Кызмат учурунда ооруга дуушар болгон медкызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Республика боюнча:

➡️Ош облусунан -113 документ;

➡️Талас облусунан – 33;

➡️Чүй облусунан – 337;

➡️Баткен облусунан – 25;

➡️Нарын облусунан – 35;

➡️Ысык-Көл облусунан – 48;

➡️Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) – 14 документ келип түшкөн.

➡️муну менен бирге Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800  документ каралып жаткан учуру.


Ссылка: https://barometr.kg/zhumush-uchurunda-kaza-bolgon-medkyzmatkerlerdin-j-blsn-kompensaciya-tlnt



Добавить комментарий