Кыргызстандан 8 дарыгер жилик чучугун алмаштырууну өздөштүрүүгө Түркияга барып конду

22 февраль 2024 16:13 2081 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандан 8 дарыгерден турган топ Түркияга жилик чучугун (костный мозг) алмаштыруу операциясын өздөштүү үчүн кетишти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Кыргызсатандын саламаттыкты сактоо министрлиги менен Түркиянын “Инөнү” университетинин ортосундагы кызматташуу боюнча кол коюлган келишимдин алкагында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлерден, лабораториялык дарыгерлерден, медайымдардан турган 8 дарыгерТүркиянын Малатья шаарына келди.

“Инөнү” университетинин клиникасында дарыгерлер тобу окутулуп, жилик чучугун алмаштыруунун технологиясын өздөштүрүшөт. 
Бул университет клиникасы чоңдор жана балдар үчүн органдарды, анын ичинде жилик чучугун алмаштыруу операцияларын жасайт.

«Түрк клиникасынын жетекчилиги бизди абдан жылуу тосуп алды. Президентибиздин көрсөтмөсү менен бул долбоорду баштап, бизди ушундай керектүү окууга жиберген министрибиз Алымкадыр Бейшеналиевге онкологдор терең ыраазычылыктарын билдиришет”, - деп бөлүштү Балдар медицинасынын улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-12-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев органдарды трансплантациялоо боюнча беш мекеменин бири болуп саналган Түркиянын “Инөнү” университетинде болгон. Иш сапардын жыйынтыгында КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandan-8-daryger-zhilik-chuchugun-almashtyruunu-zdshtrg-trkiyaga-baryp-kondu



Добавить комментарий