Бишкекте жаш дарыгер операция учурунда каза болду
Бишкекте жаш дарыгер операция учурунда каза болду. Бул тууралуу “Барометр” дарыгердин жубайынын соцтармактарга билдирген маалыматына шилтеме берип билдирет.
Маалым болгондой, жаш дарыгер Э.Т. чач өстүрүү үчүн жеке клиникалардын бирине кайрылып, операция учурунда каза болгон. Каргашалуу окуя 8-май күнү болгон.
Каза болгон дарыгердин жубайынын билдирүүсүндө, жолдошу анафилактикалык шоктон улам каза болуп, моргдо экенин окуя болгондон 5 саат өткөндөн кийин билишкен.
“Менин өмүрлүк жолдошум, балдарымдын атасын сактап калбагандар тиешелүү жазасын алышсын дейм. Эмнеге анафилактикалык шок болгондо жетиштүү биринчи жардамдарын беришкен жок? Эмнеге бизге жолдошум каза болгонуна 5 саат өткөндөн кийин, моргго алып баргандан кийин билдирип жатышат”, - деп жазды дарыгердин жубайы.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhash-daryger-operaciya-uchurunda-kaza-boldu
Добавить комментарий ×