Коронавирустан каза болгон 18 медкызматкерлердин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация берилди
Кызмат учурунда каза болгон медиктерге 1млн сом төлөнөт. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Жумуш учурунда коронавирус чалдыккан жана жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө тууралуу маалымат
“Жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учур катталган мекемелерде атайын комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө, коронавирустан каза богон 18 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилген. Мындан сырткары, дагы 34 учур каралып, иликтенип жатат”, - деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.
Кызмат учурунда ооруга дуушар болгон медкызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Республика боюнча:
➡️Ош облусунан -113 документ;
➡️Талас облусунан – 33;
➡️Чүй облусунан – 337;
➡️Баткен облусунан – 25;
➡️Нарын облусунан – 35;
➡️Ысык-Көл облусунан – 48;
➡️Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) – 14 документ келип түшкөн.
➡️муну менен бирге Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жаткан учуру.
Ссылка: https://barometr.kg/zhumush-uchurunda-kaza-bolgon-medkyzmatkerlerdin-j-blsn-kompensaciya-tlnt
Добавить комментарий ×