Таласта дарыгер кармалды

15 июль 2025 12:02 325 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Таласта жасаган операциясы үчүн сый акы алууга шектелип дарыгер кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси "Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу" менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас районунун Чат-Базар айылындагы жалпы дарыгерлер практика борборунун бөлүм башчысы, 1967-ж.т. Б.Т. Талас ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана ИИМдин АБПнын Талас облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Б.Т. өзүнө жана кесиптештерине мыйзамсыз сый акы алуу максатында, 25 жаштагы жарандан, анын апасынын өтүнөн операция жазагандыгы үчүн 3 000 сом алып, дагы 15 000 сом акча талап кылгандыгы аныкталган. 

Арыз ээси дарыгерге кийин 11 000 сом берген.

Б.Т. кылмыш ишине шектүү катары кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда.



Ссылка: https://barometr.kg/talasta-daryger-karmaldy



Добавить комментарий