Жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад жана Нарында сел жүрдү

3 июнь 2020 09:27 990 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 2-июнда Нарын облусунун Жумгал районун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, саат 18:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Чаек айылындагы каналдан суу ашып, Кашка-Терек жана Май-Кокту тилкесинде жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Жерине Жумгал райондук бөлүмдөн  20 куткаруучу жана кошумча айыл аймактан 2 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылган. 


Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун  Тогуз-Торо районунда саат 18:10 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдан улам  Кара-Суу айыл аймагында жана Табылгыты айылында жайгашкан  турак үйлөрдүн короолорун сел суулары каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн, КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. 

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет туруксуз аба-ырайы тууралуу шашылыш эскертүү тараткан.

Ссылка: https://barometr.kg/zhumgalda-zhamgyrdyn-kesepetinen-kanaldan-suu-ashty



Добавить комментарий