Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашагандар көчүрүлүүдө

12 февраль 2024 15:09 2033 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашагандар көчүрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын  аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган үй-бүлөлөргө көчүп чыгуу боюнча эскертүү берилүүдө.

“Башкармалыктын район шаардык бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери  жана жергиликтүү көчүрүү комиссиясы менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүп, кооптуу аймактан биротоло көчүп чыгуу керек экендиги эскертилүүдө.

Белгилей кетсек, облус аймагында 1074 үй-бүлө кооптуу аймакта күнүмдүк тиричилигин улантып келишүүдө, бул үй-бүлөлөрдүн басымдуу бөлүгү Сузак районунда жайгашкан”, -деп айтылууда. 


Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-kooptuu-ajmakta-zhashagandar-kchrld



Добавить комментарий