Бүгүн түштө Нарын облусунда жер титирөө болду
Бөлүшүү:
Бүгүн, 2-августа Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-августта саат 12:01де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Ал эми, Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-tsht-naryn-oblusunda-zher-titir-boldu
Добавить комментарий ×