Нарын облусунда жер титиреди
Бөлүшүү:
КР Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык бүгүн, 12-майда саат 07:33тө Кыргызстандын аймагында очогунда 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын Басма сөз кызматы билдирди.
Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Учурда жер-жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/naryn-oblusunda-zher-titiredi
Добавить комментарий ×