Жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад жана Нарында сел жүрдү
Кечээ, 2-июнда Нарын облусунун Жумгал районун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, саат 18:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Чаек айылындагы каналдан суу ашып, Кашка-Терек жана Май-Кокту тилкесинде жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Жерине Жумгал райондук бөлүмдөн 20 куткаруучу жана кошумча айыл аймактан 2 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылган.
Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда саат 18:10 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдан улам Кара-Суу айыл аймагында жана Табылгыты айылында жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун сел суулары каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн, КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет туруксуз аба-ырайы тууралуу шашылыш эскертүү тараткан.
Ссылка: https://barometr.kg/zhumgalda-zhamgyrdyn-kesepetinen-kanaldan-suu-ashty
Добавить комментарий ×