Жети-Өгүздө сел жүрүп 16 үйдү каптады
Кечээ, саат 23:30 чамасында Жети-Өгүз районунда жаап өткөн жаандын кесепетинен сел өтүүчү каналдан суу ашып Барскоон айылында, Ак-Коргон жана Көк-Ой жаңы конушундагы жалпы 16 турак үйдүн короолорун суу каптап, анын ичинен 2 турак үйдүн жер төлөөсүнө суу кирип, 1 турак үйдүн сарайы жараксыз абалга келген. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан сырткары сел суулары «Көк-Ой-Таш-Коо» сел өтүүчү каналынын 600метр аралыгын кум шагылга толтуруп, №2 Западный Жаргылчак сугат каналынын 50метр аралыгын бузуп кеткен.
Жеринде КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнөн ыкчам тобу жана Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Ошондой эле 2 турак үйдүн жер төлөөсүнө кирген суулар тургундар тарабынан тазалаган.
Бүгүн кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/zheti-gzd-sel-16-jd-kaptap-ketken
Добавить комментарий ×