Кыргызстанда кайрадан күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

30 январь 2024 14:31 407 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын аймагында кайрадан жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,  30-январда саат 4:27де  Кытай  Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө  Кыргызстандын  Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз районуна караштуу Бедел айылында 5 баллга (Бедел айылынан 45 чакырым түштүк батышта, Ыштык айылынан 60 чакырым түштүктө, Кумтөр ишканасынан 75 чакырым, Каракол шаарынан 153 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Ал эми кайрадан саат 7:44тө кайталанып,  Кытайда очогунда күчү  4,5  баллга жетсе,  биздин өлкөбүздө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 3,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле эртең мененки саат 9:52де Кытай  Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Ал эми Кыргызстандын аймагында жогоруда аталган айылында 3 баллга чейин сезилген.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусунда саат 10:51де  жер титирөө  катталып, очогунда күчү 3,6 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Мурдаш, Сопу-Коргон айылдарында жана Кара-Суу районунун Тээке, Лаглан айылдарында 3 баллга (Тээке айылынан 8 чакырым түштүк чыгышта, Лаглан айылынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Мурдаш айылынан 20 чакырым түндүк батышта, Сопу-Коргон айылынан 31 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

“Учурда республиканын жер титирөө катталган аймактарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/kvrgyzstanda-kajradan-kch-5-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий