Жети-Өгүздө сел жүрүп 16 үйдү каптады

12 июня 2020 10:32 1072 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, саат 23:30 чамасында Жети-Өгүз районунда жаап өткөн жаандын кесепетинен сел өтүүчү каналдан суу ашып Барскоон айылында, Ак-Коргон жана Көк-Ой жаңы конушундагы жалпы 16 турак үйдүн короолорун суу каптап, анын ичинен 2 турак үйдүн жер төлөөсүнө суу кирип, 1 турак үйдүн сарайы жараксыз абалга келген.  Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

 Мындан сырткары сел суулары «Көк-Ой-Таш-Коо» сел өтүүчү каналынын 600метр аралыгын кум шагылга толтуруп, №2 Западный Жаргылчак сугат каналынын 50метр аралыгын бузуп кеткен.

Жеринде КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнөн ыкчам тобу жана Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Ошондой эле 2 турак үйдүн  жер төлөөсүнө кирген суулар тургундар тарабынан тазалаган. 

Бүгүн кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/zheti-gzd-sel-16-jd-kaptap-ketken



Добавить комментарий