Алматыда селден каза болгон бир үй-бүлөнүн баарынын сөөгү табылды

8 февраль 2024 16:21 1390 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алматыда селден каза болгон бир үй-бүлөнүн баарынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымат агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Казакстандын ӨКМсы билдиргендей, жеринде урандыларды жана ылайдан тазалоо иштери уланууда.

«Окуя болгон жерден куткаруучулар каза болгондордун жансыз денесин табышты. 
Алар, 1984-жылы туулган эркектин, 1980-жылы туулган аялдын жана 2007-жылы туулган эки жигиттин сөөгүн табышып, алып чыгышкан. 

ӨКМдин психологдору жакындарына тез арада психологиялык жардам көрсөтүүдө», - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, окуя болгон жерден куткаруучулар 2007-жылы туулган жигиттин жансыз денесин табышкан.

Эске сала кетсек, кечээ 7-февраль күнү кечинде Алматыда сел жүрүп, төрт адамдан турган үй-бүлө жабыркаган. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/almatyda-selden-kaza-bolgon-bir-j-blnn-bardygynyn-sg-tabyldy



Добавить комментарий