Жети-Өгүздө ата-энесинен ажыраган балага жер тилкеси бөлүнүп берилди
Бөлүшүү:
Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө С.К. аттуу ата-энесинен ажыраган бала мыйзамда белгиленген тартипте турак жай менен камсыздалбаганы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Басма сөз кызматы билдирди.
Бул фактынын негизинде райондук прокуратура тарабынан тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүп, натыйжада балага турак жай куруу үчүн Жети-Өгүз районунун Даркан айылынан 0,07 га жер тилкеси бөлүнүп, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/zheti-gzd-ata-enesinen-azhyragan-balaga-zher-tilkesi-blnp-berildi
Добавить комментарий ×